Пятница, 22 ноября

Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы маданият министри болду

0

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу кызы маданият министри болду.

22 жаштагы Айшат Кадырованын жаңы кызматы тууралуу аймактык парламенттин төрагасы Магомед Даудов Инстаграмга жазды.

Даудов Айшат республиканын маданият тармагын өнүктүрүүгө жогорку деңгээлде салым кошуп келгенин билдирди.

2020-жылдын декабрында Рамзан Кадыровдун экинчи кызы Грозныйдагы Мектепке чейинки билим берүү департаментине жетекчи болуп дайындалган.

Чеченстанда адам укуктарынын аёосуз бузулушуна байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылдын июлунда Рамзан Кадыровго санкция салган. Санкция анын жубайы Медни Кадыровага жана кыздарына да тиешелүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз