Ксения Собчак Сочиде жол кырсыгына кабылды

0

Орусиялык телеалпаруучу Ксения Собчак Сочиде жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 10-октябрда болгон. Анда Мерседес менен Фольксваген үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен бир аял каза болуп, экөө ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ксения Собчак Мерседес үлгүсүндөгү унаада болгон.

Собчак өзү социалдык тармактарда каза болгон адам тууралуу угуп нес абалда экенин жазган. Анын айтымында, ал тез арада уулуна барууну каалагандыктан, кырсык болгон жерден дароо кетип, ооруканага жатуудан баш тарткан. Теле алып баруучу баш мээси чайкалганын көрсөтүп, айдоочунун алдынан чыкпаганын кошумчалаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал киши каршы тилкеге ​​чыгып, Фольксваген менен кагышкан.

Ал эми Собчак отурган унаанын айдоочусу аэропортко баруучу негизги жол спорттук мелдештерге байланыштуу бир күн мурун жабылганын айткан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз