Суббота, 27 апреля

Социалдык фондго жаңы төрага келди

0

Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды. Бул маалыматты ведомстводон тастыкташты.

А.Абдуллаев 2021-жылдын майынан бери фонддун төрагасынын орун басары болчу.

Мурунку төрага Жаныбек Орозалиев ээлеген кызматынан бошотулганын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

«Мен аны кызматтан кетирдим. Анткени ал 24 саат бою иштегенди билбейт», — деген министр.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Ж.Орозалиев өз каалоосу менен арыз жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз