Четверг, 25 апреля

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

0

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг Ослодо (Норвегия) өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Норвегияда Жуманазарова 68 кг салмакта алтын медалга ээ болду жана бул ага дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кыргыз балбаны биринчиде турган спортчудан 9 упай артта.

Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль алгандан кийин дүйнөлүк рейтингде үчүнү орунда болчу.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтинг:

68 кг чейин

1. Тамира Сток Менса (АКШ) — 123 упай

2. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) — 114 упай

3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) — 90 упай

4. Ханум Велиева (Россия) — 65 упай

5. Адела Ханзликова (Чехия) — 42 упай

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз