Четверг, 25 апреля

Равшан Жээнбеков конвойдун коштоосунда БШКга документтерин тапшырды (видео)

0

Бүгүн, 12-октябрда камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков бир мандаттуу депутат катары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн документтерин БШКга тапшырды.

Ал тергөө учурунда жана конвойдун коштоосунда арыз берген биринчи талапкер болуп калды.

Жээнбеков Бишкектеги No26 Ленин шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз