Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Акылбек Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып, анын командасы иштей турганын, бардык күч-аракетин калктын эптеп жашоосу үчүн эмес, татыктуу жашоо менен камсыз кылууга жумшарын белгиледи.
«Биз төрт негизги факторго токтолобуз: капиталдын болушу, технология, жер ресурстарын эффективдүү пайдалануу жана жеке капиталды өнүктүрүү», — деди Жапаров.
Анын айтымында, бул жылдын аягына чейин мамлекеттик бюджетти 280 миллиардга, 2022-жылы 400 миллиардга, 2023 -жылы 500 миллиардга, ал эми 2024 -жылы 600 миллиардга жеткирет. Анда бюджет биздин ИДПга барабар болот.
Контрабанда менен күрөшүү жана экономиканы көмүскөдөн чыгаруу буга жардам берет.
«Менин принципиалдуу позициям — байлар көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок, алар жумуш орундарын түзсө жеңилдиктерге ээ болушат. Дүйнө жүзүндө ушундай. Олигархтар эмес, байлар көбүрөөк болушу керек», — деди Жапаров.
Анын айтымында, ар бир адам өзүнө: «Мен өз өлкөм үчүн эмне кыла алам?» деген суроо бере турчу убак келди.