Ноокат районунун экс-акими Марипов Бакытбек Асамидинович бир мандаттуу округдан талапкер катары шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Бакыт Марипов №5 Ноокат шайлоо округунан талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө. Ал министрлер кабинетинин экс-төрагасы Улукбек Мариповдун бир тууганы.
Бүгүн, 13-октябрь — округдар боюнча шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин документтерин тапшыруунун акыркы күнү.
Бакыт Марипов 2021-жылдын февралында бир тууганы премьер -министр болуп дайындагандан кийин аким кызматынан кеткен.
Эске салсак, Кыргызстанда 36 округ бар, алардын ар биринде талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн. Шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер бүгүн, 13-октябрда саат 18:00гө чейин кабыл алынат.