Понедельник, 20 мая

Кадамжайда окуучулар бычакташты

0

Ушул жылдын 21-март күнү, Кадамжай районунун “Бирлик” айыл өкмөтүндө ар башка айылдан келип «А.Шамурзаев» атындагы орто  мектепте окуган окуучулар ортосунда жаңжал чыгып, өспүрүмдөр бири-бирине бычак көтөрүүгө чейин барашкан. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынын өкүлү Кайратбек Мамуров билдирди.

“Окуя 23:00 чамасында катталган. Анда “Бирлик” айыл өкмөтүнүн “Сур” айылынын тургундары 16 жаштагы Б.А., 17 жаштагы  А. М. жана  “Кыргыз Кыштак” айылынын тургуну 17 жаштагы А. М., “Бирлик Ормош” айылынын тургуну 17 жаштагы Т.Б. бир топ балдар ортосунда пикир келишпестиктен улам, жаңжал чыккан. Өспүрүмдөр колдоруна бычак алып, бирин-бири коркутуп, уруп, денелерине жаракат келтирген”,- деп айтылат маалыматта.

Натыйжада 16 жаштагы бир жана 17 жаштагы 2 бала денелеринен жараат алып, Айдаркен аймактык ооруканасына түшкөн. Азыркы учурда дарыланып жаткан жаш өспүрүмдөрдүн абалы канааттандыраарлык.

Жогорудагы бейбаштык боюнча эки тараптуу арыздар Кадамжай райондук милициясында катталып, сотко чейинки кылмыш иши тергөөгө алынган.

Фото: Улан Маккамбаев

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз