Пятница, 20 сентября

АКШ  ММКлары Трамптын Кашыкчынын иши боюнча позициясын сындашты

0

Ак үй Эр-Рияддын күнөөсүн далилдөө жана жазалоо үчүн эч кандай аракет жасаган жок.

Америкалык пресса президент Дональд Трамптын администрациясынын саудиялык журналист Жамал Кашыкчынын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча кайдыгер мамилесин ашкерелөөнү улантууда.

The Washington Post (WP) аткаруучу директору жана колумнист Фред Райан Кашыкчынын өлүмү тууралуу макаласында Трампты Сауд Аравиянын Стамбулдагы дипломатиялык миссиясында болгон чуулгандуу адам өлүмү боюнча иштиктүү кадамдарды жасоого чакырган.

Райан өзүнүн макаласында жазгандай, «Кашыкчы өлтүрүлгөндөн бери алты ай өттү, бирок Трамп эч кадай чара көргөн жок», анткени бул алдын ала пландаштырган кандуу кылмыш болгон жана анын кесепетинен WP менен кызматташкан белгилүү журналист өлтүрүлгөн.

Материалдын автору Кашыкчынын денеси азыркыга чейин табыла электигин эске салып, бул аралыкта Сауд Аравия бийлиги кылмыш жасалган күндөн бери эле карама-каршылыктуу билдирүү жасап, Эр-Рияд бир нече батыштык өлкөлөрдөн алыстап кетти.

АКШ Конгресси жана чалгын кызматы бул иш боюнча өз милдетин аткаргандыгы айтылат макалада.

«Бирок Трамп ар кандай шылтоолорду ойлоп табууда. Ак үй Эр-Рияддын күнөөсүн далилдөө жана жазалоо үчүн эч кандай иштиктүү чара көргөн жок. Трамп бүгүн деле БЧБга (ЦРУ) кандуу адам өлтүрүүнүн жагдайын ачыкка чыгарууга тыюу салып келет», — деп жазат Райан.

Кашыкчынын иши боюнча, Трамп бир гана мыйзамды бузбастан, АКШнын кадыр-баркы менен нравалык баалуулуктарын шек келтирди. Ал Ак үйдүн Сауд Аравия менен курал соодасын улантуу менен байланышкандыгы айтылат макалада.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз