Понедельник, 20 мая

Америкалык делегация Дохада талибдер менен жолугушту

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Катардын борбору Дохада америкалык делегациянын талибдердин өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушуулары чынчыл, кесипкөй жана позитивдүү болгонун айтты.

Америкалык делегация, өлкөнүн Ооганстандан толук чыгып кетишинен кийин Катарда биринчи жолу талибдер менен бетме-бет жолугушту.

Жолугушууга байланыштуу билдирүү жасаган Прайс жыйынды «ишкердик жолугушуу» катары сыпаттады жана америкалык делегациянын талибдерге алардын сөздөрүнө эмес, чабуулдарга карап гана баа берилерин ачык айтканын белгиледи.

Прайс ошондой эле Ооганстандагы терроризм коркунучу, америкалык жарандар, АКШны колдогон оогандарга жана чет өлкөлүктөргө өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берүү маселелерин талкуулады.

Жыйынга АКШнын чалгындоо кызматынын жогорку өкүлдөрүнүн да катышканын айткан Прайс, Талибан АКШ менен ДЕАШ боюнча да кызматташабы деген суроолорго так жооп берген жок.

Катчы: «Бул жерде жалпы кызыкчылык бар. ДЕАШ АКШ жана анын өнөктөштөрүнө болгондой эле талибдер үчүн да коркунуч болуп саналат»-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз