Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, 14-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт жана таза суунун убактылуу өчүрүлушү «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.
Белгиленгендей, үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.
Ала-Арча суусу темир жол линиясы, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары жана Жаш Гвардия — Темир жол линиясы, Фрунзе — Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.