Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 381 талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү) катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, арыздарды кабыл алуу кечээ, 13-октябрда саат 18:00дө аяктады.
- Баткен облусу боюнча – 3 шайлоо округу, 40 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 4ө аял.
- Ош облусу боюнча – 9 шайлоо округу, 71 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 3ө аял.
- Жалал-Абад облусу боюнча – 7 шайлоо округу, 63 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 3ө аял.
- Талас облусу боюнча – 2 шайлоо округу, 17 адам талапкерлигин көрсөткөн, аялдар жок.
- Чүй облусу боюнча – 6 шайлоо округу, 73 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 3ө аял.
- Бишкек шаары боюнча – 4 шайлоо округу, 38 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 4ө аял.
- Нарын облусу боюнча – 2 шайлоо округу, 31 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 4ө аял.
- Ысык-Көл облусу боюнча – 3 шайлоо округу, 48 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 10у аял.