Воскресенье, 5 мая

Садыр Жапаров ЖЕЭКнын жыйынына онлайн катышат

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда,  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жыйын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтөт.

«Анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары бир катар документтерди, анын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз