Понедельник, 8 июля

Талибандын делегациясы Түркияга барат

0

Ооганстандагы Талибан өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эмирхан Муттаки башында турган делегация сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Түркияга жөнөп кетти.

Муттаки Түркиянын айрым жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандыгы маалымдалды.

Шейшемби күнү Дохада батыш дипломаттары менен болгон жолугушууда Муттаки: «Ооган өкмөтүн алсыратуу эч кимге пайда алып келбейт, анткени бул абалдын терс таасирлери дүйнөдө түздөн-түз коопсуздукка, экономикага жана миграцияга таасирин тийгизет»,-деп айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз