Пятница, 3 мая

Орусия 158 миң өзбекстандыкка «миграциялык мунапыс» берди

0

Орусиядан депортацияланган 158 миң өзбекстандык жаран «миграциялык мунапыс» алып, кайрадан өлкөгө кирүү укугуна ээ болушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, мунапыс Орусиядан соттун чечими менен депортацияланган өзбек жарандарына тиешелүү болбойт.

Буга чейин Орусиянын бийлиги чет өлкөлүк жумушчулар жетишсиз болуп жатканын бир нече жолу билдирген. Москванын вице-мэри Владимир Ефимов шаарда 200 миң эмгек мигранты жетишсиз болуп жатканын айтса, калаа башчысы Сергей Собянин мигранттардын кетиши инфляциянын өсүшүнө таасир эткенин билдирген. Өкмөттүн вице-премьери Марат Хуснуллин жакынкы эки жылдын ичинде Орусиядагы курулуш иштерине гана 5 миллион эмгек мигрантын тартуу керек экенин айткан.

Күн мурун Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов Орусия Өзбекстан менен Тажикстандан 150 миңден жаранына «миграциялык мунапыс» жарыялаганын кабарлаган. Анын айтымында, бул чечим өлкөдөн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) чечими менен чыгарылган жарандар үчүн гана тиешелүү болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз