Понедельник, 20 мая

«Дордой дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков камалды

0

Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.

Айрым маалыматтарга караганда, Эркин Салымбеков бажыда мыйзамсыз схема түзүүгө айыпталып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз