Пятница, 22 ноября

Ооганстанда ачарчылык кризиси күчөп баратат

0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруу директору Дэвид Бисли Ооганстанда ачарчылыктын рекорддук чекке жеткенин билдирип, шашылыш эл аралык жардамга чакырды.

Бисли Твиттердеги «Ооганстан» хэштеги менен жарыялаган билдирүүсүндө өлкөдөгү ачарчылык кризисинин өсүшүнө көңүл бурду.

Бисли: «Рекорддук сандагы ооган ачка. Учурда 1 миллион бала чукул чара көрүлбөсө жетишсиз тамактануудан өлүп калуу коркунучу алдында турат. Эл аралык жардам тез арада келбесе каргашалуу болот. Бул ачкачылыкка каршы күрөш»,-деди.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Ооганстан өкүлү Мэри Эллен МакГроарти да 6-октябрда борбор шаар Кабулда видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйынында, өлкөдөгү гуманитардык кризистин «күтүлбөгөндөй ылдамдыкта күч алып жатканын» билдирген болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз