Түркиянын Стамбул шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин ачуу сунушталды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан белгилешкендей, Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова аталган шаардын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту.
«Жолугушуунун жүрүшүндө консул түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын жайылтуу максатында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын түрк дүйнөсүндөгү ролун жана таасирин белгилеп, Стамбулда жазуучунун атындагы үй-музейин ачууну сунуштады.
Өз кезегинде Экрем Имамоглу Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо, бизнес-форум уюштуруу жана түрк ишкерлери менен байланыш түзүүдө муниципалитет башкы консулдуктун ишине ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.
Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейин ачуу боюнча сунушту туура кабыл алып, бул багытта тыгыз кызматташтыкты жүргүзүүнү сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү жана тыгыз өз ара аракеттенүү боюнча макулдашты», — деп айтылат билдирүүдө.