Өлкөдө суткада коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 74, Чүй облусунда – 11, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 576 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 681 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 501 киши айыгып чыкса, 2 миң 629 адам каза болду.
Ошол эле учурда 11 миң 524 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 390 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 133 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 896 миң 45 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 677 миң 467 жаран экинчи компоненти менен эмделди.