КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазды. Учурда КТРКнын байкоочу кеңеши анын арызын карап жатканын кеңештин мүчөсү Сыягүл Караман билдирди.
Арыз бүгүн, 15-октябрда жазылган.
«Анын арызы столдо турат. Баарыбыз Бактияр Алиевдин кесипкөйлүгүн белгилеп жатабыз. Интрига жок башкарды», — деди байкоочу кеңештин мүчөсү.
2020-жылдын октябрынан тарта КТРКнын жетекчисинин милдетин аткарып келген Бактияр Алиев 30-декабрдагы ачык сынактын негизинде 11 добуш менен жетекчилик кызматка тандалган.