Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жогорку даражалуу кызматкерлер жана фармкомпаниялар коррупция менен алектенген кошумча факттар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, мурдагы саламаттыкты сактоо министринин тууганы С.Ж.К. фармкомпаниялардын кызыкчылыгын лоббирлегени белгилүү болду. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги чоң кызматтагы адамдарга дарыларды Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде каттоо жана кайра каттоо иштерин тездетүү үчүн акча берип келген.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен С.Ж.К. УКМКнын абагына камалды.