Пятница, 17 мая

Таласта жол кырсыгынан 8 адам каза болду

0

Таласта жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-октябрь күнү саат 22:54 чамасында Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) Хонда-Степвагон менен ДАФ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылды.
Кырсыктын кесепетинен 8 киши (7 эркек, 1 аял) каза болгон. Аты-жөндөрү такталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз