Пятница, 3 мая

АКШда вакциналар таштандыга ыргытылууда

0

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) колдонулбаган миллиондогон жаңы коронавирустук вакциналар (Ковид-19) текке кеткени белгиленди.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун CDC маалыматына ылайык, март айынан сентябрга чейин өлкөдө 15 миллион доза Ковид-19 вакцинасы ташталган.

Башка бир изилдөөдө 1 миллион доза вакцина декабрдан июлга чейин колдонулбаганы аныкталган.

Вакциналардын ыргытылышынын негизги себептеринин бири-эмделе турган күнүндө барбай коюу.

Штаттарга таратылган вакциналар бюрократиялык тоскоолдуктардан жана коопсуздук маселелеринен улам башка өлкөлөргө бериле албайт.

АКШда вакциналар таштандыга ыргытылып жатканда, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар эмдөөнүн биринчи дозасын алууну күтүшүүдө.

Сентябрга карата аз камсыз болгон өлкөлөрдүн калкынын үч пайызы гана вакцинанын биринчи дозасын алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз