Пятница, 22 ноября

Кыргыз-Кытай чек арасы жабылат

0

Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасында Маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү жайлары убактылуу жабылат.

Чек ара ушул жылдын 5-апрелинен 7-апрелине чейин жабык турат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайларында жарандарды, автоунаа каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2019-жылдын 8-апрелинде жанданат.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз