Пятница, 17 мая

«Ош» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси кеңейтилди

0

Узартылган тилкеге 1-апрель күнү алгачкы учак келип конгон. Мындан ары Ош аэропортуна «Boeing 767-300», «Boeing 737-800», «Airbus A320» сыяктуу ири учактар консо болот.

Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы  маалымдады. Тилкелер аэропортту реконструкциялоо иштеринин 3-баскычынын алкагында жүргүзүлгөн. Тилкенин узундугу 400 метрге узартылып, натыйжада учуп-конуу тилесинин жалпы узундугу 3212 метрди түздү.

Ош эл аралык аба майданы — Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал «Манас» эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. Жылына 9 миңдей каттамды, бир миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз