Пятница, 22 ноября

Бишкектин кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

0

Бүгүн, 19-октябрда, Бишкектин кээ бир аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы билдирди.

Электриктер тобу турак үйлөрдөгү жабдууларды оңдоо менен алектенишет. Мындан тышкары, трансформатордук көмөк чордондордун ишин карашат.

Өчүрүүлөрдүн графиги:

9:00дөн 18:00гө чейин — Ак-Босого конушунун бир бөлүгүндө (Чүй 16 көчөсүнөн Чүй 22ге чейин, Чүй 30 көчөсүнөн Чүй 41ге чейин, ошондой эле Түлөбердиев, Саадаев, Манас, Архитектордук көчөлөрүндө), Ак-Ордо конушунда (Жакшылык, Дулдул, Гагарин көчөлөрүндө) жана Токтоналиев көчөсүндөгү №20 үйдө. Мындан сырткары, Чоң-Арык айылында (Кожобергенов, Мусулманкулов, Горная, Береговая, Ямбургская, Дачная көчөлөрүндө) электр кубаты өчүрүлүшү күтүлүүдө;

9:30дан 12:00гө чейин — Төкөлдөш конушунун бир бөлүгүндө (Армия, Менделеев, Октябрь, Төкөлдөш көчөлөрүндө);

9:30дан 17:00гө чейин — №3 кичи райондогу №19 үйдө;

9:30дан 18:00гө чейин — Көк-Жар конушунун айрым бөлүгүндө (Кулмурзаев, Молдокулов, Чар көчөлөрүндө);

11:00дөн 15:00гө чейин — №5 кичи райондун кээ бир тарабында (№ 1, 1/1, 22/1, 3, 3/1, 4/1, 4/2, 6-8 үйлөрүндө);

13:00дөн 17:00гө чейин — №5 кичи райондогу №58, 66 үйлөрдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз