Кыргызстанда коронавирус илдети 68 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен айыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 527 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.