Суббота, 18 апреля

Байсалов: Марипов президент ага арткан үмүттү актай алган жок

0

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов Улукбек Мариповдун эмне себептен кызматынан алынгандыгына айтты.

Анын пикири боюнча, экс-премьер жана анын командасы президенттин үмүтүн актай алышкан жок, алар берилген темпке чыдабай коюшту. Себеби, президент ойлонуп отурууга, акыл калчап бардыгын таразалап отурууга убакыт короткусу келбейт. Ал тездикти, чечкиндүүлүктү, темпти каалайт!

«Мариповдун бийлиги чечим кабыл алууга өтө көп убакыт коротчу. Балким, анын мурунку иш тажрыйбасы таасирин тийгизгендир. Ал Эсеп палатасынан келбедиби, көп ойлонуп, таразалай берчү, анан өкмөт эффективдүү жана мобилдүү боло алган жок. Тилекке каршы, ал өлкө башчысы жана эл ага арткан үмүттү актай алган жок», — деп Эдил Байсалов жеке пикирин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз