Суббота, 18 апреля

Кыргызстанда 100дөн ашык чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар

0

Өлкөдө чакан ГЭСтердин курулушу активдүү улантылууда. Чакан ГЭСтерди куруу үчүн тиешелүү мыйзам базасы түзүлгөнүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакан ГЭСтердин активдүү фазада курулушу Баткен, Жалал-абад, Ысык-Көл, Ош облустарынын аймактарында жүргүзүлөт, Чүй жана Талас облустарында пландаштырылган. Анын жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттан ашат.

«Республикада жалпы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон 19 чакан ГЭС иштеп жатат, бирок 100дөн ашык чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар», — деп жазылган маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз