Пятница, 17 мая

Бийлик көмүрдүн баасын бекитти. Аймактар жана баалар боюнча тизме

0

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттик тарабынан сатыла турган көмүрлөрдүн баасы бекитилди. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашат. Белгилүү болгондой, монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин аймактык бөлүмдөрү тарабынан ар бир облуста жана Бишкек, Ош шаарларында көмүрдүн баасынын (килограммына жана тоннасына) максималдуу баалары белгиленди. Баадагы айырмачылыктар аймактардагы көмүр казып алууга байланыштуу. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул нарк 90 күн көзөмөлдөнөт.

Бишкектеги жана аймактардагы көмүрдүн баасы:

Бишкекте бир килограмм көмүрдүн баасы 5,8 сомдон ашпаш керек. Ал эми бир тоннасы 4 400-4500дөн кымбат сатылбашы керек;

Чүй облусу — бир килограммы 5,90 сом. Ал эми бир тоннасы 4 250-4 550 сом;

Ош жана Ош облусу — бир килограммы 6,8 сом болсо, бир тоннасы 5000-6000 сом;

Жалал-Абад облусу — бир килограммы 7 сом, ал эми тоннасы 4 500-6 500 сом;

Нарын облусу — бир килограммы 5 сом, ал эми бир тоннасы 2 400-4700 сомго чейин;

Ысык-Көл облусу — бир килограммы 7,5 сом, бир тоннасы 3 600-6 800 сом;

Талас облусу — бир килограммынын баасы азырынча көрсөтүлө элек. Ал эми бир тоннасы 5 100-6 500 сом;

Баткен облусу — бир килограммы 9 сом болсо, бир тоннасы 4 800-8 700 сомго чейин.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз