Воскресенье, 5 мая

Африкадагы үч тропикалык муз аянты жок болуу коркунучунда

0

Болжолдуу маалыматтар боюнча Африканын үч тропикалык муз аянты, Танзаниянын Килиманджаро, Кениянын  Кения тоосу жана Угандадагы Рвензористин 2040 — жылы жок болуп кетээри болжолдолууда.

Дүйнөлүк Метеорология Уюму WMO акыркы жылдарда континентте бат  — бат  болуп турган аба кырсыктары тууралуу отчет даярдады.

Отчетто климаттын өзгөрүүсү кылымдын ортосуна чейин континенттин улуттук дүң продукциясын 3 пайызга кыскарта алаары белгиленди.

Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун башкы катчысы Петтери Таалас : «Чыгыш Африкада жакынкы келечекте толугу менен ээриши күтүлүп жаткан акыркы мөңгүлөрдүн тездик менен кичирейиши Жер системасында кайтарылгыс өзгөрүү коркунучун көрсөтүүдө»,- деп айтылгандыгын билдирди.

Африка Биримдигинин айыл чарба боюнча комиссары Жозефа Сакко : «Эгерде 2030 — жылга чейин эч кандай чара көрүлбөсө, күнүнө 1,90 доллардан азыраак киреше менен жашаган 118 миллион өтө жакыр адамдар кургакчылыкка, суу каптоолорго жана катуу ысыкка дуушар болушат», — деди.

Отчетто Сахаранын түштүгүндөгү Африканын дагы да начар жыйынтыктарды алдына алуу үчүн жыл сайын 30 – 50  миллиард доллар сарпташы керектиги билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз