Пятница, 22 ноября

Фейсбук компаниясынын аталышы бир аптадан кийин өзгөрөрү күтүлүүдө

0

Фейсбук компаниясынын аталышы кийинки аптада өзгөрүшү күтүлүүдө. Компания мындай кадамга мета ааламды (офлайн менен онлайн тыгыз байланышта болгон дүйнө) түзүүгө багытталган деп жазышат чет элдик басылмалар.

Маалыматта айтылгандай, Фейсбуктун башкы директору Марк Цукерберг 28-октябрда жыл сайын өтүүчү жыйында компаниянын аталышын өзгөрткөнү тууралуу жарыя кылышы мүмкүн.

«Марк Цукербергдин айтымында, мета аалам чыгармачыл кесип ээлерине, шаардын борборунан алыс жашоону жана иштөөнү каалагандарга, ошондой эле билим алуу же эс алуу жайлары жеткиликтүү аймактарда жашагандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Цукерберг Фейсбукту өзгөртүү ниети бар экенин бир нече жолу айткан. Азырынча Фейсбуктун жаңы аталышы тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин Фейсбук өзүнүн «келечектин интернети» версиясын иштеп чыгуу үчүн Европа Биримдиктеги ишмердүүлүгүн кеңейткенин жарыялаган. Компания пландарын ишке ашыруу үчүн 10 миң жумушчуну жалдоону көздөп жатканы маалымдалган», — деп айтылат маалымат каражаттарында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз