Суббота, 18 мая

Бишкекте бекер Wi-Fi зонасы ачылды

0

Эркиндик бульварында «Кыргызтелеком» ААКтан бекер WI-FI аймагын ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Компаниядан билдиришкендей, бул “Жеткиликтүү санарип дүйнө!” социалдык долбоорунун алкагында ишке киргизилген экинчи бекер интернет аймагы.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору Эркиндик бульварынын боюндагы Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин «Кыргызтелеком» ААКтан бекер WI-FI аймагын күнү-түнү пайдалана алышат.

Белгиленгендей, биринчи бекер WI-FI аймагы сентябрдын башында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө ишке киргизилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз