Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө УКМК тарабынан бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан «Достук унаа жолу» текшерүүгө алынганын кабарлашат.
«Өткөрмө пункттун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткандардан, негизинен Өзбекстандын жарандарынан жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.
19-октябрда ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Достук унаа жолу» өткөрмө пунктунун башчысы А.Э., Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Ч.Н., Чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары К.Б. «адамдардын тобу тарабынан пара алуу» беренеси менен кармалды. Кармалгандар Ош облустук жана шаардык башкы башкармалыктардын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда», — дешти басма сөз кызматынан.