Суббота, 23 ноября

Жогорку Кеңеш бир ай шайлоочулар менен жолугушуу чечимин кабыл алышты

0

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бир ай шайлоочулар менен жолугуу токтом долбоорун сунуштады.

«28-октябрдан 28-ноябрга чейин шайлоочулар менен иштөө жөнүндө токтомду сунуштайм», — деди ал.

Жыйынтыгында депутаттар сунушту колдошту.

Депутат Мирлан Жээнчороев токтомду жокко чыгаруу керектигин айтты. «Бул чечим туура эмес, бир ай ичинде орчундуу маселелер болуп калышы мүмкүн. Шайлоого аттанбаган депутаттар дагы бар. Алар комитетте иш алып барышмак. Бир апта шайлоочулар менен жолугушуп келели. Бир ай Жогорку Кеңештин ишин токтотпошубуз керек», — дейт ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз