Воскресенье, 19 мая

Ош шаарына эртең жылуулук бериле баштайт

0

Ош шаарында эртең, 22-октябрдан тарта, жылуулук бериле баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эртеңден баштап жылуулук берилсе, суу жылып шаар тургундарына жеткенче дагы бир-эки күн талап кылынары белгиленди.

«Учурда жылуулук, электр энергиясы, газ менен камсыздап жаткан ишканалардын жетекчилерине тапшырма берилди. Мындан тышкары, көмүрдүн баасына болгон туруктуулукту сактап калуу үчүн антимонополиянын Ош шаарындагы кызматтары менен да иштешүүнү пландап жатабыз», — деди вице-мэр Сонун Жунусбаев.

Ош шаарынын мэриясы ар кандай кырдаалдардын алдын алуу үчүн шаар тургундарына көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддериндеги эшиктерин жаап, үйдүн эшик, терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз