Суббота, 27 апреля

Кыргызстан Түркиядан «Bayraktar» пилотсуз учактарын алат

0

Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан «Bayraktar» пилотсуз учактарын алаарын айтты. Бул тууралуу УКМКнын башчысы чек ара кызматына күжүрмөн техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

«Биз башка техникаларга дагы мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыркы учурда Түркияда «Bayraktar» пилотсуз учактары жасалып жатат. Бул Дүйнөдө 5 эле мамлекетте бар экен. Жакында учактар келет. Биз учактарды башкаруучуларды ошол жерде окутуп, даярдап жатабыз», — деди Ташиев.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү байкоо жүргүзүүгө арналган орусиялык «Орлан-10» дрондорун сатып алып жатканын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз