Суббота, 20 апреля

Коронавирус 125 адамдан аныкталып, төрт бейтап көз жумду

0

Коронавирус илдети дагы 125 адамдан аныкталып, төрт бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 58, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 639 бейтап, амбулатордук түрдө 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 348 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 647 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз