Суббота, 27 апреля

Алексей Федосеев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

0

Кыргызстандык Алексей Федосеев кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. WAKO версиясынын турнири Италиянын Лидо шаарында өтүп жатат.

Федосеев «лоу-кик» дисциплинасында 63,5 кг чейинки салмак даражасында мелдешип, 3 ирет катары менен жеңишке жетти. Бул жыйынтык жарым финалга жол ачып, 21-октябрда Беларусь спортчусу менен беттешкен. Федосеев биринчи раундда алдыда баратып, бирок жыйынтык 2:1 эсеби менен атаандаштын пайдасына аяктады.

Жыйынтыгында 3-орунга жазылган Федосеев коло медалга ээ болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз