Пятница, 26 апреля

Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министрине көңүл айтты

0

Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Ханга жер титирөө учурунда адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Белужистан провинциясынын Харнай районундагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз