Пятница, 19 апреля

Бишкекте үч жаңы көпүрө курулууда

0

Бишкектин 3 көчөсүндө көпүрөлөрдү куруу иштерин башталды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясы билдирет.

«Архитекторлор көчөсү Киргизская көчөсүнөн Ак-Босого конушундагы Кичи Чүй каналына чейин реконструкцияланууда. Кичи Чүй каналы толук оңдоодон өтүп, жаңы көпүрөнү куруу иштери башталды. Учурда 18 метр болгон темир бетон устундар орнотулду. Көпүрөнүн эки тарабында тротуар каралган. Ошондой эле Гидростроителдер көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин (Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясындагы көпүрө) реконструкцияланууда. Сухэ Батыр көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Шабдан Батыр көчөсүнө чейинки бөлүгү Аламүдүн дарыясындагы көпүрөнүн курулушу менен оңдолот. Тротуар менен жолдун ортосуна бетон тосмолору коюлуп, коопсуздук үчүн көпүрөнүн четине темир тосмолор орнотулат. Буга чейин Гидростроителдер жана Сухэ батыр көчөлөрүндө көпүрөлөр жок, туюк болчу», — дешет мэриядан.

“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул аралыкта жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү калыбына келтирүү жана 5 көпүрөнү куруу пландалууда.

Жумуштарды Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчик China Road and Bridge Corporation компаниясы жүргүзүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз