Пятница, 26 апреля

Президент маалымат жыйынын өткөрөт

0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык жана чет өлкөлүк журналисттерге ири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 23-октябрда болот.

«Анда президент өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет», — деп айтылат билдирмеде.

Маалымат жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз