Четверг, 18 апреля

Кандай учурларда электр жарыгы өчөт?

0

Энергетика министрлиги веердик өчүрүүлөрдү болтурбоого бардык күч-аракетин жумшайт, деп ведомоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Бекитилген графикке ылайык, 2021-жылдын октябрь айынын соңуна чейин бардык объектилердеги оңдоп түзөө иштери жыйынтыкталат. 1-ноябрдан тарта, оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүүлөр болбойт, деп билдирүүдө жазылган.

Бирок, авариялык кырдаал жаралса, кайра калыбына келтирүү иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.

Өткөн жылы, пандемиянын айынан энергообъектилерде оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйыл капиталдык ремонт жүргүзүлгөнүнө байланыштуу өчүрүүгө аргасыз болдук.

Ошол эле учурда Энергетика министрлиги жарандардан электр энергиясын үнөмдөп колдонууга чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз