Пятница, 26 апреля

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

0

«Кыргызстанда кышкы убакта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок үнөмдөө керек», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкесинин салтанаттуу ачылышында.

Анын айтымында, азыркы учурда кошумча 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, мындан мурда Кыргызстан Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын сатып алып жатканы айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз