Суббота, 20 апреля

Путин «Талибан» кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын катарынан чыгаруу керектигин айтты

0

Орусия «Талибан» кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын катарынан чыгарууга умтулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин «Валдай» клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ошол эле маалда Путин алгач мындай кадамга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши барышы керек экенин белгиледи.

Орусия бийлиги кыймылды расмий түрдө тааныбай туруп, анын мүчөлөрү менен Москвада бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. 20-октябрда Орусиянын борбор шаарында «Талибан» кыймылынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын» жыйыны өткөн. Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандын жаңы бийлигинин эл аралык аренадагы макамына карабастан, алар менен өз ара аракеттенүү керек экенин белгилеген.

Талибдер августтун ортосунда Ооганстандын дээрлик бардык аймагын, анын ичинде баш калаа Кабул шаарын өз көзөмөлүнө алышкан.

Батыш өлкөлөрү «Талибанды» Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү деп тааный элек. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз