Среда, 24 апреля

Өзгөн шаарында Сарахси атындагы мечит ачылды

0

Өзгөн шаарында Сарахси атындагы мечит ачылды.

Аталган иш-чара Түрк Дин иштери боюнча башкармалыгынын жана Түркиянын диний фонду менен биргеликте өткөрүлдү. Имарат салттуу Осмон архитектура стили менен курулган.

Ачылыш аземине Түрк дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш, Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган, , дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, вице-спикер Аида Касымалиева жана жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү катышты.

Али Эрбаш сөзүндө аземге катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазылык билдирди.

«Бул биздин маданият жана маданияттын баалуу кенчи болгон жер,» —  деп билдирди Эрбаш.

КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров мечитке диний мекеменин лицензиясын тапшырды .

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз