Түрк Кеңешинин Медиа форуму Стамбул шаарында өттү (видео)

0

Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк дүйнөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Түптөлгөн тамыр, бекем келечек” аталышындагы эл аралык медиа форум болуп өттү.

Кыргызстандан барган делегацияны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев жетектеп барды. Анда Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жетекчилери, Бишкектеги ЖОЖдордун журналистика жана коммуникация багытынан мугалимдер жана студенттер катышты.

Медиа форумдун ачылышына Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев, Түркия Республикасынын президенттик администрациясынын алдындагы Байланыш башкармалыгынын Фахреттин Алтундар баш болгон бир катар өкүлдөр сөз сүйлөштү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз