Пятница, 22 ноября

«Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары жабылды

0

«Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары жабылды. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык борбору билдирет.

«Массалык уулануунун себеби такталмайынча эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө бардык «Империя пиццы» кафесинин Бишкек боюнча 17 филиалы убактылуу жабылды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы «Империя пиццы» тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан. Бүгүнкү күндө тамакка уулангандардын саны 85ге жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз