Четверг, 9 мая

Москва 28-октябрда карантинге жабылат

0

Москва облусу 28-октябрдан 7-ноябрга чейин карантинге жабылат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары каникулга кетишет, студенттер аралыктан окушат. Москва шаарында дарыкана жана эң керектүү товарларды саткан дүкөндөр гана иштейт. Орусияда сентябрдын этегинен бери коронавирус илдетине кабылгандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатат. 19-октябрдан бери бир суткада коронавирустан бир миңден көп киши каза болууда. Мындан улам президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин өлкөдө дем алыш деп жарыялаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз