Суббота, 18 мая

Өлкөдөгү бардык тамак-аш сатуучу жайлар текшерүүгө алынат

0

Бишкекте массалык түрдө тамак-аштан ууланган соңку окуяга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 25-октябрда билдиргендей, өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салган токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

«Тамак-аш азыктарын сактоочу, ташуучу жана сатуучу объектилерде тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча техникалык регламенттеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын текшерүүгө киргизилген мораторий алынып салынды», — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы «Империя пиццы» тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз